Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

ГЭСтер келишимин денонсациялоо боюнча Москвага кабарлана элек


Жогорку Нарын ГЭС куруучуларынын жатаканасы.
Жогорку Нарын ГЭС куруучуларынын жатаканасы.

Кыргызстан менен Орусия ортосунда түзүлгөн ГЭСтерди куруу боюнча келишимди денонсациялоо боюнча Москвага азырынча расмий билдириле элек. Бүгүн бул маселени Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы карап жатат. Эгер денонсациялоо боюнча мыйзам кабыл алынса, өкмөт алты ай ичинде жаңы инвестор табарын экономика министринин орунбасары Айбек Калиев парламент жыйынында билдирди.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков тарыхта мындай денонсация болбогонун, орус тарап келишимди аткаруу мүмкүн болбой жатканын айтса, коркпой эле келишимди бузууга барыш керектигин белгиледи.

Орусия менен Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу жөнүндөгү 2012-жылы жетишилген келишимден чыгуу чечимин жакында өкмөт кабыл алган. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында Орусия ГЭСтерди кура албасын билдирген. (SDz\SE)

XS
SM
MD
LG