Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Депутаттардын тарапкерлери сот алдында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимди сот мыйзамсыз деп тапты.

Эртең менен саат 9да башталган жараян бир сааттан ашуун убакытка созулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөсү угулду. Төрага Алмаз Калыбаев соттун жүрүшүн тасмага тартууга уруксат бербеди. Бирок журналисттер отурумга көз салып турушту.

Ал арада сот имаратынын сыртында депутаттардын тарапкерлери адилет чечим чыгарылсын деген талап менен митинг өткөрүүдө.


XS
SM
MD
LG