Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстан Интерполго 160 миң евро карыз


Кыргызстан издөө-иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча эл аралык Интерпол уюмуна 160 миң евро карыз. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Дайырбек Казыбаев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан мүчөлүк акы үчүн Интерполго жыл сайын 15 миң евро төлөшү керек. Казыбаев каржы маселеси ушул тапта чечилип жатканын белгиледи. Карыз 2002-жылдан бери топтолгон.

Интерполдун Кыргызстандагы бөлүмүндө онго жетпеген адам иштейт. Учурда аталган эл аралык уюм аркылуу 312 кыргызстандык изделүүдө. 25 кишини издөөдөн баш тартышкан. Арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев, 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурганы айтылган Кадыржан Батыров да бар. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG