Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Кыргызстандан Сирияга жана Иракка кеткен өспүрүмдөр 80ден ашат


2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Сирия жана Ирактагы экстремисттердин катарына кошулуу максатында кетип жаткан кыргызстандыктардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, Сирия жана Ирактагы экстремисттик топторго кошулган 508 кыргызстандык аныкталган. Алардын 387си эркектер, 121и аялдар, 83ү балдар жана өспүрүмдөр. Экстремисттик топко кошулгандардын 33ү ошол жакта мерт болушкан. Буга чейин 40тан ашуун кыргызстандык өлгөнү айтылган эле. Кеткендердин ичинен 40 киши мекенине кайтып келген.

Рахмановдун айтуусунда, ал жактагы кыргызстандыктардын көбү курулуш иштерине тартылган жана тамак-аш жасоо менен алектенишет. Согуш майданына түшкөндөр аз. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG