Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Чек арадагы үйүн тажикстандыктарга сатып жаткан жаран кармалды


Баткен облусунда чек ара аймагындагы турак-жайын тажикстандык кишиге сатууга камынган жаран кармалып, сурак берүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылынын тургуну Тажикстандын жаранына үй-жайын сатып жаткан учурда колго түшкөн. Бул окуя боюнча жумушчу топ түзүлүп, күч кызматтары иликтей баштады.

Буга чейин Баткен облусунун аймагынан 100дөн ашык үй-жай Тажикстандын жарандарына сатылып кеткени айтылып, аны кайтарып алуу боюнча маселе чечилбей келет.

2010-жылы Таш-Тумшук айылынан тажик жарандарына сатыкка коюлган үй ээлерине мамлекет 10 миллион сом бөлүп, турак-жайларды милицияга, бала бакчага, мектепке алып берген. (JsA)

XS
SM
MD
LG