Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Индонезияда терактты уюштургандар изделүүдө


Индонезиянын полициясы Жакаратадагы кол салууларга тиешеси бар деп шектелген террордук уюмдардын мүчөлөрүн издөөдө.

Кечээги жардыруудан жана ок атышуудан карапайым эки киши (бирөө канадалык, экинчиси жергиликтүү жашоочу) набыт кеткен. Чабуул маалында оор куралданган беш адам жок кылынган.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу терактты уюштурганын айтып, жихадчыларга каршы күрөшкөн коалициянын жарандарын бутага алышканын билдирди.

Жакаратанын полиция башчысы Тито Карнавян кол салгандар террорчулардын глобалдуу уюшмасынын мүчөлөрү болгонун, чабуулду “Ислам мамлекетинин” катарында Сирияда согушуп жүргөн Бахрум Наим атту индонезиялык киши координациялаган деп шектелгенин билдирди.

Коопсуздук министри Лухут Панджайтан 15-январда баш калаанын жака белинде теракт уюштурууну көздөгөн шектүү үч киши кармалганын бышыктады.

Ал ортодо өлкөнүн жер-жерлериндеги өкмөттүк кеңселер, полиция бөлүмдөрү, элчиликтер жана чоң соода борборлорун кайтаруу күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG