Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Кыргызстандык мектеп окуучуларынын Малайзиядагы саякаты башталды


Малайзиядагы кыргыз элчиси Кылычбек Султанов сынак жеңүүчүлөрү менен. 15-январь, 2016-жыл.

Малайзиядагы кыргыз элчиси Кылычбек Султанов сынак жеңүүчүлөрү менен. 15-январь, 2016-жыл.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге уюштурган дилбаяндар сынагында жеңүүчү болгон мектеп окуучулары 15-январда Куала-Лумпурга барышты. Сынак “Мен Кыргызстандын өнүгүшүн каалайм” деген темада өтүп, ага миңден ашуун өспүрүмдөр катышкан.

Окуучулардын эмгектери 9 медиамекемеде, анын ичинде "Азаттыкта" кабыл алынып, жыйынтыгында мыкты дилбаян жазган 9 окуучу тандап алынган.

Эми кыргызстандык өспүрүмдөр бир апта бою Малайзия мамлекетинин жашоо-шарты менен таанышып келишет.

Сынак элчи Кылычбек Султановдун жеке демилгеси менен уюштурулган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG