Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Ошто күч кызматкерлеринин мушташы иликтенип жатат


Ош шаарында милициянын атайын даярдыктагы отрядынын (СОБР) кызматкерлер менен Жол кайгуул кызматында жана Күзөт кайгуул кызматында иштегендердин ортосундагы мушташ иликтенип жатат. Алдын ала маалыматка караганда, атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери 14-январда спортзалда Жол кайгуул кызматынын үч, күзөт кайгуул кызматынын эки өкүлүн сабап койгон.

Расмий тастыктала элек кабарга ылайык, мушташтан жабыркаган милиционерлердин бири оор жарааты менен ооруканада жатат. Шаардык Ички иштер башкармалыгы окуя тууралуу маалымат түшкөнүн, иликтенип такталмайынча комментарий берилбей турганын айтууда.

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери жетекчиликтин уруксаты болмоюнча бейтаптын абалы тууралуу эч кандай маалымат берилбестигин билдиришти. (SE\YI)

XS
SM
MD
LG