Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Тажикстандын Ооганстандагы айрым консулдуктары жабылууда


Расмий Дүйшөмбү Ооганстандагы чек ара аймактарында жайгашкан консулдуктарынын ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Ооганстандын "Толо" телеканалы Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап маалымдагандай, тажик бийлиги кошуна өлкөнүн Бадахшан жана Кундуз провинцияларындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жабуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Бадахшан провинциясынын губернатору Файсал Бекзод консулдуктардын иши коопсуздук себептеринен улам токтолуп жатканын ырастады. Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, Бадахшандын эки району толугу менен өкмөткө каршы козголгон топтордун колуна өткөн. Башка райондордо бир катар айыл-кыштактар да согушкерлердин көзөмөлүндө калууда.

XS
SM
MD
LG