Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Пакистан Индиянын базасына кол салган топко каршы чара көрүүдө


Пакистан бийлиги "Жаиш-и-Мохаммед" деген экстремисттик топтун карамагындагы диний окуу жайларды жапты. Ошондой эле Даска шаарынын жанындагы жерде полициянын рейди маалында ондогон киши камакка алынды.

Буга чейин үстүдөгү аптада уюмдун лидери Маулана Масуд Азхар баш болгон бир катар жетекчилери кармалган.

Кошуна Индиянын ырастоосунда, дал ошол топ 2-январда Патханкоттогу аскердик базага кол салган. Ошондо индиялык жети жоокер жана алты согушкер окко учкан.

Окуядан кийин Дели менен Исламабад 15-январга белгиленген сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырышты.

Пакистан бийлиги Панжаб провинциясында жайгашкан экстремисттик топко каршы чара көрүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG