Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 14:58

Бишкек-Ош автожолунун 121-138-чакырымдарында жана ошондой эле 198-265-чакырымдарында кар көчкүлөрдү аттырып түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Генералдык штабдын артиллериялык тобу менен бирге 15-январь күнү Бишкек-Ош магистралынын 231-246-чакырымдарында кар көчкүнү аттыруу ишин жүргүздү. 27 жолу аткылоонун натыйжасында 82,5 миң куб метр кар түшүрүлгөн.

ӨКМ айдоочуларды жолго чыкканда жол коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырып, автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиштигин эскертүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG