Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

“Парламент таксиге” депутат менчик машинесин айдап чыкты


Cүрөт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун Фейсбук баракчасынан алынды
Cүрөт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун Фейсбук баракчасынан алынды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы уюштурган “Парламент такси” теледолбоорунун кезектеги каарманы “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова болду.

Бирок мурдагы берүүдөн айырмаланып, бул ирет депутат өзүнүн менчик машинеси менен чыкты. Буга социалдык тармактарда депутаттар мамлекеттик унаа менен такси айдайт деген тариздеги кызуу талкуу себеп болгонун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Телепрограммага катышууну каалаган депутаттардан долбоорго алардын жеке менчик унаасын колдонууга өтүндүк. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары бизнес чөйрөсүнөн келгендиктен, арзаныраак жана жупуну унаа айдап келүүнү, жөнөкөй кийинүүнү талап кылып жатабыз”, - деп жазды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматтын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасына.

Долбоор “Парламент жумалыгы” көрсөтүүсүнүн алкагында ишемби күнү кечинде ЭлТР жана КТРКдан эфирге чыгат. (BCh)

XS
SM
MD
LG