Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Уагадугу шаарында барымтага алынган 126 киши куткарылды


Буркина-Фасодогу Splendid мейманканасын бошотуу операциясы. 16--январь.
Буркина-Фасодогу Splendid мейманканасын бошотуу операциясы. 16--январь.

Буркина-Фасонун борборундагы Splendid мейманканасында террорчу-исламчылар барымтага алган кишилерди куткаруу үчүн атайын операция жүргүзүлдү. Натыйжада 126 киши куткарылып, кеминде 20 адам набыт болду.

Батыш Африка өлкөсүнүн коопсуздук министрлиги үч согушчан өлтүрүлгөнүн маалымдады, алардын бирөө араб, экөө африкалыктар экени айтылууда.

Мейманкананы бошотуучу операция Франциянын атайын кызматтарынын колдоосу менен Буркина-Фасонун аскерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Чабуулду “Ал-каида” менен байланышы бар “Ал-каида Магриб ислам өлкөсүндө” деп аталган топ жасаганын моюнуна алды.

Франциянын президенти Франсуа Олланд кол салууну “ирээнжиткен окуя” деп айтты.

Splendid мейманканасы Уагадугудагы төрт жылдыздуу мейманкана. Анда БУУнун кызматкерлери жана батыш өлкөлөрдөн барган туристтер жашашат. Согушчандар мейманканага 15-январда кол салышкан. Алар ошондой эле мейманкананын жанындагы кафеге да кирип барып, андагы бир нече кишини атып салышканы айтылууда.

Буркина-Фасо Батыш Африкада жайгашкан өлкө. Ал мурда Франциянын колониясында болгон.

XS
SM
MD
LG