Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Түркмөнстан өлкө боюнча чылым сатууну тыйды


Түркмөнстандын бийлиги өлкө аймагында чылым сатууну толугу менен тыйды деп кабарлайт Би-Би-Си. Дүкөндө же кимдир бирөө тамеки сатып кармалса, 6 900 манат айып пулга жыгылат. Бул болжол менен 1700 АКШ долларына барабар сумма. Түркмөнстандын Коомдук саламаттыкты көзөмөлдөөчү кызматы буга чейин баңгизаттарды катуу текшерип жаткан. Эми өлкө тамекиге каршы жаңы, күчөтүлгөн эреже киргизди. Венада жайгашкан Chrono-TM аттуу уюм Түркмөнстанда мындай тыюу салуудан кийин чылымдын баасы кескин жогорулап, бир кутусу 12 доллар болгонун маалымдады. Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов кесиби боюнча дарыгер жана коомду дайыма сергек жашоого үндөп келет.

"Франс пресс" агенттигинин жазышынча, январь айынын башында Бердымухамедов бийлик бутактарын чылымды токтотууга жетиштүү иш алып барбай жатасыңар деп катуу сындаган.

2004-жылы Гималайдагы Бутан падышалыгы чылымды аймагында сатууну тыйган дүйнөдөгү алгачкы өлкө болгон. Бирок коңшу Индиядан Бутанга чылым аткезчилиги көбөйүп кеткен. (BCh)

XS
SM
MD
LG