Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

БШК мандат чыры боюнча Жогорку Сотко кайрылды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламенттеги мандат чыры боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге нааразы болуп Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

15-январда сот “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча БШК чыгарган чечимди мыйзамсыз деп тапкан эле.

Жогорку Сот ишти келаткан аптада карай турганын Элмира Жумалиева “Азаттыкка” айтты.

Эки депутатты кетирүү боюнча БШКга “Кыргызстан” фракциясынын жетекчилиги сунуш киргизген. Сот фракциянын бул кадамы да өлкө мыйзамдарына каршы келет деп бүтүм чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG