Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

Ошто орус киносуна арналган фестиваль өтөт


Ош шаарында апрель айында орус киносуна арналган фестиваль өтөт. Ага Москвадан таанымал режиссер жана актерлор чакырылган. “Байыркы Ошто Орусия жумалыгы” деп аталган фестивалды "Семетей" кинотеатрында 19-24-апрелде өткөрүү пландалганын уюштуруучулардын бири, маданият ишмери Салима Шарипова “Азаттыка” билдирди.

Тышкы иштер министрлиги жана калаа мэрия колдоого алган иш-чаранын алкагында көрөрмандарга Орусияда тартылган алты тасма көрсөтүлөт.

Демилге Москвадагы “ЭЛС продакшн” жана Кыргызстандагы “Таазим” маданий уюмуна таандык. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG