Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Орусияда кыргыз жана беларус футболчулары беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы

Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча жаштар курамасынын шериктештик кубогу башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышат. Оюндар 23-январга чейин уланат.

Кыргызстан турнирдеги алгачкы беттешти Беларус футболчулары менен өткөрөт. Оюн 17-январда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталарын Футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстан “А” тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстан менен күч сынашат. “B” тобунда Латвия, Эстония, Орусия жана Тажикстан ойнойт.

Жаштар курама командасында 22 жашка чейинки уландар бар.(SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG