Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

18-январдын аба ырайы


Синоптиктер Кыргызстандын аймагында 17-19-январь күндөрү аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаап, суук болорун билдирди. Мындай аба ырайы тоолуу жолдордо унаа каттамына кедергисин тийгизиши эскертилүүдө. Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

18-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6,

Баткен облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -10…-15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -12…-17 градус cуук болот.

Бишкек шаарында кар жаайт. Түнкүсүн -6…-8, күндүз -3…-5 градус суу болот.

XS
SM
MD
LG