Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Ооганстанда жанкечти ондон ашуун адамдын өмүрүн кыйды


Ооган бийлигинин маалыматына ылайык, Жалалабад шаарында жергиликтүү саясатчынын үйүндө жанкечти өзүн жардырды. Андан 11 адам каза таап, 12 киши жарадар болду.

Расмий кабарларга караганда, кылмышкер 17-январь күнү саясатчы Убайдулла Шинваринин үйүнө эл чогулган учурда бомба жардырган. Окуяга эч бир экстремисттик топ азырынча жоопкерчилик ала элек.

Шинвари Нангаргор облусундагы көрүнүктүү саясатчылардын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG