Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Ош: милиция сабалганбы же өзү жыгылганбы?


Оштогу милиция кызматкерлери
Оштогу милиция кызматкерлери

Ош облустук милициясынын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери Ош шаардык МАИ жана милиция кызматкерлерин сабады деген маалымат тарады.

Муну ИИМдин Ош облустук башкы башкармалыгы төгүнгө чыгарууда. Бирок жаракат алган милиция кызматкери ооруканага түшкөнү ырасталууда.

14-январга караган түнү Ош облустук милициясынын атайын даярдыктагы отрядынын (СОБР) кызматкерлери мас абалда унаа башкарган жакынына болушуп, бир МАИ жана эки милиция кызматкерин сабаганы тууралуу маалымат интернетке тараган. Анда милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери Ош облустук милициясынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун кишилери болору да айтылган.

Ооруканага түшкөн милиционер

Чындыгында 14-январь түнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Алымбек Салиев аттуу кызматкери шаардык ооруканага бетинен жаракат алып кайрылганын Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Калдарбек Аманов ырастады.

Ооруканага түшкөн оорулуулардын тизмесинде Салиев деген да адам бар.
Ооруканага түшкөн оорулуулардын тизмесинде Салиев деген да адам бар.

- Бизге Алымбек Салиев аттуу милиция кызматкери 14-январда түндө кайрылган. Үстүнкү эрини ичинен айрылып кеткен экен. Биз аны тигип, ооруну басуучу дары бергенден кийин оорулуу эч кимге доом жок деген тил кат жазды. Аны кесиптештери башка ооруканага жаткырабыз деп алып кетишти.

Эрини жарылган милиция кызматкери эч кимге доом жок деп тил кат жазып, биринчи жардам алгандан кийин эле ооруканага жатуудан баш тартып, кетип калган. Тил катта Алымбек Салиев музга тайып, ташка жыгылганын жазган. Бирок тил кат жазып жатканда ал айткан Курманжан Датка көчөсүндө таш издесе табылбай турганы, ошол күндөрү жолдор кургап, муз тоңбой калганы эске алынбай калгандай.

Сыдыков: Маалыматтар чындыкка дал келбейт

Салиевдин өзүнүн тил каты
Салиевдин өзүнүн тил каты

Интернетте Ош милициясындагы мушташтын себептери жана кесепеттери тууралуу даана жазылганына, жарат алган милиция ооруканага катталганына карабай, Ош милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков мушташ тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.

- Бул маалымат чыгары менен башкы башкармалык тарабынан текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында интернетке жарыяланган маалыматтын чындыкка дал келбестиги аныкталды. Биз андан сырткары СОБР жана жол кайгуул кызматкерлерин сурамжылоого алдык. Ал кызматкерлер да мындай фактыга күбө болбогонун билдиришти.

Бирок милициядагы ишенимдүү булактар мас айдоочунун айынан Санжар аттуу жол кайгуулчу менен Алымбек Салиев аттуу милиция кызматкерин Ош милициясынын атайын даярдыктагы отрядынын Муха аттуу кызматкери сабаганын айтышууда.

Ош милициясындагы буга чейинки чатактар

Милициянын ишин ичинен билген адис, укук коргоочу Валериян Вахитов болсо мындай сөз тараган соң милициянын ички коопсуздук кызматы жабырлануучунун арызын күтпөстөн иликтөө жүргүзүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

- Мыйзам боюнча муну милициянын ички коопсуздук кызматы текшерип чыгыш керек. Маалымат коомчулукка тарагандан кийин ал факты чын болсо укуктук баа берилиш керек. Бул үчүн жабырлануучунун арызы керек эмес. Эгер алар арыздын негизинде гана текшеребиз дешсе, анда ички коопсуздук кызматынын кереги жок болуп калат. Анткени арыз менен иштөөчү прокуратура бар, башкасы бар. Негизи милициянын ички коопсуздук кызматы ар бир кызматкердин жүрүш-турушуна көз салып турушу керек. Алар милицияны ичинен тазалап туруу үчүн керек.

Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

Мындан 1,5 жыл мурда Ош облустук милициясынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун Кара-Суу райондук милициясынын жетекчиси менен мушташканы тууралуу да имиштер тараган эле. Ал имиштерди эки жетекчи тең төгүнгө чыгарып кутулушкан. Ошондой эле былтыр Ош шаардык МАИ кызматкерлери бири-бирин ашата сөгүп атканы интернетке тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан болчу.

XS
SM
MD
LG