Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Ачка жүргөндөргө инсульт жабышат


Иллюстрация
Иллюстрация

Жапон окумуштуулары эртең мененки тамакты ичпей коюу инсультка бир кадам жакындатарын аныкташты.

Жапониядагы 45 жаштан 74 жашка чейинки 82 миң 772 адам 1995-2010-жылдары жүрөк жана рак ооруларына карата атайын байкоого алынган. Алардан аптасына канча ирет эртең мененки тамакты жебей коюшканы сурамжыланган. 15 жылдык убакыт ичинде тажрыйбага катышкандардын 3 миң 772си инсультка чалдыккан.

Анализдин жыйынтыгында таңкы тамактан баш тарткандардын дээрлик баары бул дартка кабылганы аныкталды. Мындан тышкары түшкө чейин ачка жүрүү кан басымдын жогорулоосу менен ашыкча салмакка да жол ачат дешет жапон илимпоздору. Изилдөөнүн жыйынтыгы Stroke журналына чыкты.

Питбуль менен Бейонсенин ыры өспүрүмдөрдү оңдурбайт

Британиядагы Ноттингем университетинин окумуштуулары заманбап 40 эстрадалык клипти изилдешип, алардын сюжети менен текстиндеги ар кандай кадрлар жана сөздөр өспүрүмдөрдү аракечтик менен баңгиликке алып барарын аныкташты.

Айрыкча акыркы мезгилде Интернетте хит болуп жаткан 40 ырды көргөн 13-15 жаштагы cекелек кыздар чылым тартуу менен ичимдик ичүүнү маданият катары кабылдашары белгилүү болду деп жазат Epidemiology and Community Health журналы.

Питбуль, Робин Тик, Бейонсе сыяктуу ырчылардын ырларынын мазмуну алкоголь менен чылымга байланыштуу. Ушул сыяктуу 32 видеону көргөн Британиядагы 1 миллионго чукул өспүрүм ичимдик ичүүнү туура деп эсептешерин атайын сурамжылоодо белгилешкен. Мындан ары Англиядагы өспүрүмдөрдүн бул сыяктуу видео-клиптерди көрүүсү чектелип, Sony, Universal жана Warner Music сыяктуу ири компаниялар клиптерди интернеттен жайылтуудан мурда Британиянын тасмаларды классификациялоочу атайын мамлекеттик комиссиясына жибермей болду.

Жыт жакшыртуучу каражаттар зыяндуу

Үйдөгү жытты жакшыртуу үчүн сепкен каражаттар же жыттуу шамдан бөлүнүп чыккан химиялык заттын адамдын организмине зыяндуу экени аныкталды. Англиядагы Йорк университетинин профессору Алистейр Люис баштаган топ бөлмөдөгү абанын жытын жакшыртуучу каражаттардагы химиялык заттардын атмосферага чыкканда ууга айланарын далилдешти. Тазалоочу, жыт жакшыртуучу суюктуктарга кошулган лимонин кислотасы канцерогендүү деп табылды. Изилдөө 1980-жылдары башталган. Үй ичиндеги өсүмдүктөр абага бөлүнүп чыккан формальдегиддерди гана өзүнө сиңирип алып, лимонин кычкылын ала албайт. Ушундан улам окумуштуулар бөлмөнүн жытын жакшыртууда ар кандай аэрозолдорду же шамды эмес, кургатылган цитрус өсүмдүктөрүнүн кабыгы же лаванданы колдонууга чакырышууда.

Көп балалуу аялдын өмүрү узун болот

Көп балалуу аялдын өмүрү узагыраак болот. The Atlantic журналында чыккан изилдөөдө бирден ашык балалуу болгон аялдардын өмүрү узун болору кабарланат. Окумуштуулар Гватемаланын түштүк-чыгышындагы тоолуу аймакта жашаган 75 аялды байкоого алышкан. Алардын жашоо образы, билим деңгээли, материалдык абалы бирдей болгону менен, экиден ашык төрөгөндөрүнүн бир гана балалууларга караганда узагыраак жашары байкалган. Илимпоздор аял улгайган сайын аны колдогон адамдардын көп болуусу саламаттыгына оң таасир этет дешет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG