Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

Ачарчылык согуштагы курал катары колдонулуп жатканын Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун билдирди. Ал өткөн жума соңунда Сириядагы тирешкен тараптарды карапайым элге адамгерчиликке сыйбаган, жырткычтык менен мамиле жасап жатат деп кескин айыптады.

Ачарчылык курмандыктары Мадайя, Дейр аз-Зор калааларында жана ага жакын аймактарда улам көбөйүп баратат.

Жекшемби күнү өлкө чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 400 жайкын тургунду барымтага алды. Согушкерлер бир күн мурда 300 адамды кармап, өлтүрүп салышкан.

БУУнун эсебинде курчоодо калган аймактарда 400 миңдей сириялыктын абалы начар. Алардын жарымы "Ислам мамлекетинин" согушкерлери ээлеп алган шаар-кыштактардын тургундары.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG