Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

БУУ гуманитардык жардамды кескин көбөйтүүнү сунуштайт


Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында дүйнө жүзүндөгү табигый кырсыктардан жапа чеккендерге гуманитардык жардам берүү үчүн жыл сайын кошумча 15 миллиард доллар зарыл экени айтылат.

Учурда гуманитардык жардам үчүн топтолгон каражаттын бир жылдык эсеби 25 миллард долларды түзөт. Бул 2000-жылга караганда бир топ көп болсо да жардамга муктаждардын саны улам арбып баратат.

БУУ гуманитардык каражатты көбөйтүү үчүн донор мамлекеттер берген акчаны көлөмүн жогорулатып, футбол, концерт сыяктуу иш-чараларда билет баасына ыктыярдуу түрдө кошумча салыктарды кошууну сунуштайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG