Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Стамбулдагы жардыруу үчүн 16 киши айыпталууда


Жардыруу Көк мечиттен бир нече метр алыста болгон.

Жардыруу Көк мечиттен бир нече метр алыста болгон.

Түркияда сот 16 алты адамды 12-январда Стамбулдагы жардырууну уюштурду деген айып менен камакка алууга чечим чыгарды. Шаардын чок ортосунда жайгашкан Султан Ахмет аянтындагы жанкечтинин жардыруусу 10 адамдын өмүрүн алган. Түркиянын вице-премьер министри Нуман Куртулмуш набыт кеткендердин көбү чет элдиктер болгонун айтып, жанкечти 1988-жылы туулган Сириянын жараны экенин кошумчалады.

Камакка алынган 16 адамдын бардыгы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү экени ырасталды.

Жардыруу Султан Ахмет көчөсүндө туристтер эң көп барган Айя София мунарасы менен Көк мечиттен бир нече метр аралыкта болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG