Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

ЕАЭБге кошулууну мыкты чагылдырган журналисттер сыйланат


Өкмөт Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун алгачкы жыйынтыгын жана бул жаатта ишкерлер менен эл арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө салым кошкон журналисттерди сыйламай болууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Сынакка бардык ЖМК катыша алат. Жыйынтыгы апрель айында чыгарылат.

Мыктыларга 25-45 миң сомдон сыйлык тапшырылат.

Армения, Беларус, Казакстан жана Орусиянын ортосунда бажы биримдиги катары негизделген ЕАЭБ уюмуна былтыр жайында Кыргызстан да кошулган.

Бирок коңшу республикалардын чоң базарынын атаандаштыгына кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр туруштук бере албай кыйналып, дискриминация жүрүп жатканын, азырынча эч пайда жок экенин өкмөт да, ишкерлер да айтууда. Ал эми алгачкы жылдары жардам берүүнү убада кылган Орусия ушу тапта өзү экономикалык кризиске кептелип отурат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG