Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:21

Президент тышкы саясатты улуттук кызыкчылыкка жараша жүргүзүүнү талап кылды


Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев.

Дүйнөлүк саясатта кырдаал курчуп турганда Кыргызстан тышкы саясатын улуттук кызыкчылыктарына жооп бере турган нукта жүргүзүүгө умтулушу керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда айтты. Министр былтыркы жылдын жыйынтыгы жана мекеменин негизги иш багыттары тууралуу маалымат берди.

Башкы дипломат ошондой эле негизги чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланышты эки жана көп тараптуу форматта чыңдоо багытында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бул жөнүндө мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Бирок кайсы мамлекеттер тууралуу кеп болуп жатканы айтылган жок.

Былтыр 21-июлда премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн токтому менен мыдан 22 жыл мурда кабыл алынган АКШнын Кыргызстанга жардам берүүсү тууралуу макулдашууну денонсациялаган. Ал эми жыл этегинде Орусиянын ГЭС куруп берүүсү убадаланган макулдашуусунан баш тартты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG