Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Үркүн: Караколдо орнотулчу эстелик долбоору тандалууда


Үркүн алааматынын 100 жылдыгына карата Караколдо коюлчу айкелдин макеттеринин бири.
Үркүн алааматынын 100 жылдыгына карата Караколдо коюлчу айкелдин макеттеринин бири.

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Үркүндүн 100 жана Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата орнотула турган эстеликтин долбоору боюнча сынак өтүүдө. "Азаттыктын" облустагы кабарчысынын маалыматына караганда, бүгүн сынакка келип түшкөн 6 скульптуралык эмгектин арасынан бирөө тандалып алынат. Учурда калыстар тобу иштеп жатат.

Скульпторлор Үркүн маалында болгон көрүнүштү эстелик менен чагылдырууга аракет кылышкан.

Комиссия карап чыгып, жеңүүчүнү аныктаган соң жаз алды менен куруу иштери башталат. Эстелик Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлат.

Каражат президенттин фондунун атайын Үркүндүн 100 жылдыгына деген 3 миллион сомунун эсебинен жана кошумча облустук бюджеттен бөлүнмөкчү. (AsM)

XS
SM
MD
LG