Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Ак-Cууда илбирс аткан жаран кармалды


Ак-Сууда илбирс аткан жаран кармалды
Ак-Сууда илбирс аткан жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда илбирс аткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

Окуя 16-январда саат 22:00 чамасында Сырт өрөөнүндөгү Көөлүү жайытында болгон. Кыргызстандын "Кызыл китебине" кирген ак илбирсти атканы үчүн Теплоключенка айылынын 48 жаштагы тургуну Аскарбек Каранаев кармалды. Ал, милициянын айтымыныда, жаныбарды өзүнө тиешелүү карабин сайлуу ок атуучу курал менен атып, териси жана башын алып келе жаткан жеринен колго түшкөн.

Кылмыш иш 278-берененин негизинде козголду.

Убактылуу камакка алынган Каранаев күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бирок ал илбирсти карышкыр экен деп атып алганын айтууда.

Ал буга чейин Теплоключенка айылынын жайыт комитетин жетектеп, иштен бошогонуна эки ай болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG