Бүгүн Нарында мектеп окуучулары үчүн беш күндүк тренинг башталды. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду жана "Прогрессивдүү демилгелер фонду" уюму биргелешип уюштурган долбоордун алкагында облустан тандалып алынган 8-11-класстын алдыңкы окуучулары беш күн бою каржы сабаттуулугу, убакытты башкаруу, бизнес этикет, психология, чечендик өнөр боюнча тренинг өтүшөт. Окутуу Нарын мамлекеттик университетинде өтүүдө. (RK)