Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

"Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоору жабык талкууланууда


Ушу тапта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкинанын иш бөлмөсүндө айрым бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушуу өтүп жатат.

Жолугушуу жабык өтүүдө.

Скрипкина "чет элдик агенттер" боюнча мыйзам долбоорун талкуулай турганы мурдараак кабарланган болчу.

Жолугушууга чакырылган укук коргоочулардын бири, "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюмунун жетекчиси Динара Ошуракунова талкуу эмес, жөн гана жолугушуу болорун "Азаттыкка" айткан.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, алардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында демилгеленген. Жаңы шайланган парламент аны карай элек.

Жарандык коом өкүлдөрү эгер бул мыйзам кабыл алынса Орусиядагыдай тоталитардык басым күчөй турганын айтып келатат. Ал эми долбоордун авторлору мыйзам Орусияныкынан көчүрүлүп алганын танбасын айтышкан. (UeZ/RK)

XS
SM
MD
LG