Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Иран АКШнын жаңы санкцияларын айыптады


Тегеран баллистикалык ракета сыноо боюнча 18-январда АКШ жаңы санкцияларды киргизүүсүн мыйзамсыз деп атады.

Иран менен былтыр жетишилген ядролук келишимге ылайык, АКШ менен Евробиримдик 17-январда Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдүү толук алып салган эле. Бирок мындан бир күн өтпөй Вашингтон Ирандын ракеталык программасына каршы жаңы санкцияларды жарыялап отурат. Бул санкциялар Ирандын баллистикалык ракета жасоого байланышкан компаниялары менен жарандарына тиешелүү.

Былтыр декабрда БУУнун эксперттери Тегеран октябрда орто радиустагы баллистикалык ракета учуруу менен ядролук курал алып жүрүүчү ракета сыноого тыюу салган резолюцияны бузганын билдирген. Тегеран бул ракета ядролук курал жеткирүүгө ылайыкташпаганын жана ал Улуттар уюмунун шарттарын бузбай турганын жүйө келтирген.

16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран өзөктүк программасы боюнча алты держава менен былтыр жетишилген келишимдеги бардык шарттарды аткарганын жарыялаган соң Тегеранга каршы экономикалык санкциялар алынган эле.

Бирок Вашингтон Ирандын ракета сыноосу ал ядролук келишимден башка өзүнчө маселе экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG