Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Алты миллионунчу кыргызстандык төрөлгөн күнү көз жарган эне даттанууда


Жалал-Абадда алты миллионунчу наристе төрөлгөн күнү көз жарган эне нааразы болууда. Ала-Бука районунун Кең-Кол айылынын тургуну Бегайым Омонова 25-ноябрь кечинде көз жарып, төрөтканада анын ымыркайы алты миллионунчунун катарында болгонун жана 100 миң сом акча берилерин айтып куттукташкан. Бирок эртеси күнү төрөт үйүнөн чыгып жатканда эч ким кабарлашкан эмес.

Бул тууралуу көз жарган аялдын апасы Марапат Омонова бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

- Кийин районго кайрылсак силер илешпей калыпсыңар деп жооп берди. Бул жерде да тааныштык болду окшойт. Мен райондук жана облустук бийликке, жакында өкмөткө кат аркылуу кайрылам, - деди Омонова.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов аныктоо жараянына жергиликтүү бийлик аралашпаганын айтып, 100 миң сом каражат Ноокен жана Токтогул райондорунун жашоочуларына берилгенин билдирди. 6 миллионунчунун катарында деп облустан 14 наристе тизмеге кирип, экөө тандалган.

Өткөн жылдын 25-ноябрында Кыргыстандын алты миллионунчу наристеси Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 10 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сом берилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG