Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Ооганстанда күттүргөн парламенттик шайлоо белгиленди


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоо 15-октябрга белгиленгенин жар салды. БШК төрагасы Ахмад Юсуф Нуристани бирок добуш берүү өкмөт тийиштүү каражат бөлүп, талапкерлердин жана шайлоо бөлүмдөрү менен алардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылган шартта гана өтөрүн билдирди.

Ооган парламентинин беш жылдык мөөнөтү былтыр июнда соңуна чыккан. Бирок коопсуздук маселелери менен 2014-жылдагы президенттик шайлоодогу талаштардан улам калыс добуш берүүнү кантип өткөрүү боюнча суроо туулгандыктан жаңы шайлоо жылдырылып келген.

Президент Ашраф Гани ушундан улам жаңы шайлоого өткөргөнгө чейин мурдагы парламенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу жардык чыгарган. Бирок айрым сынчылар бул жардыктын мыйзамдуулугунан күмөн санаган.

XS
SM
MD
LG