Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Тогуз-Тородогу кырсыкка жергиликтүү жетекчилер жоопкер


Тогуз-Тородогу ууланууга байланыштуу жетекчилерди кызматтан алуу сунушу берилди. Мындай чечим бүгүн Жалал-Абадда өткөн облустук комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында иште кетирген кемчиликтери үчүн райондук оорукананын башкы дарыгери менен райондук санитардык-эпидемиологиялык борборунун башчысын кызматтан алуу сунушу тийиштүү тарапка жолдонуп, район акиминин орун басарына эскертүү берилди.

Белгилей кетсек 6-январь күнү райондук ооруканага тамак-аштан ууланган 9 адам жаткырылган. Дарты ботулизм деп аныкталып, ага каршы вакцина жоктугуган төрт бейтап өздүк унаасында Бишкек шаарына жөнөтүлгөн. Алардын экөө жолдо каза тапкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG