Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Теннисте жыйынтыгы алдын-ала макулдашылган оюндардын изи чыкты


Би-Би-Си менен BuzzFeed News порталы купуя документтерге таянып кабарлашкандай, акыркы 10 жылда Теннистин этика стандарттарын көзмөөлдөө бөлүмү дүйнөдөгү эң мыкты 50 оюнчунун катарына кирген 16 теннисчиге жыйынтыгын күн мурунтан сүйлөшүп алып, таймашка катышкан деп шектенип эскертүү берген. "Андай эскертүүлөргө карабастан аларга эл аралык турнирлерге катышууга уруксат берилген. Арасында Чоң Шлем мелдештеринин жеңүүчүлөрү да бар", - деп жазат Би-Би-Си.

Профессионалдуу теннис оюнчуларынын Ассоциациясынын жетекчиси Крис Кермод атайын иликтөө көргөзгөндөй, Ассоциация алдын-ала макулдашылган мелдештерди уюштурууга бөгөт койгон эмес деген айыптоону четке какты.

Азырынча андай шектүү оюндарга катышкан теннисчилердин аты айтыла элек. Жаңжал бүгүн башталып жаткан Австралиянын ачык чемпионатын утурлай тутанды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG