Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Сеул менен Пхеньян бири бирине каршы үгүт аракеттерин күчөтүүдө


Туштүк Кореяга ташталган баракчалар, 14-январь, 2016-жыл.
Туштүк Кореяга ташталган баракчалар, 14-январь, 2016-жыл.

Сеул өткөн аптада өз аймагына Пхеньян бир миллионго жакын үгүт баракчаларды таштаганын билдирди. Баракчаларды чек ара аркылуу таратуу үчүн Түндүк Корея гелий толтурулган аэростаттарды пайдаланган. Буга чейин Түштүк Корея Түндүк Корея менен чектеш аймакта үн күчөткүчтөр аркылуу пропагандалык берүүлөрдү жайылтууну кайра баштаган эле. Сеул мындай кадамын Пхеньяндын 6-январда суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнү тууралуу билдирүүсүнө жооп катары сыпаттаган. Анда чек арада Түштүк Кореядагы белгилүү ырлар тынбай аткарылып турат. Үн күчөткүчтөн жаңырган музыка 20 чакырым алыстыкка чейин угулат.

Өткөн жылдын август айынан Түштүк Корея он бир жылдык тыныгуудан кийин дал ушундай ыкманы колдоно баштаган. Мындан улам эки өлкө ортосунда куралдуу согуш чыгып кете жаздаган. Үн күчөткүчтөр коюлгандан эки күндөн кийин Сеул менен Пхеньян ортосундагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Түштүк Корея үн күчөткүчтөрдү алууга аргасыз болгон.

Расмий Сеул эми чек арада пропагандалык видеоматериалдар көрсөтүлө турган чоң электрондук билборддорду орнотууну көздөп жатат. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG