Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Эл аралык Oxfam кайрымдуулук уюмунун билдирүүсүндө, дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын бир пайыз байлыгы жалпы адамзаттын байлыгына барабар. Oxfam дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын башын бириктирип, шейшембиде Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумду утурлай өз иликтөөсүн жарыялады. Башкы максат - теңсиздикке элдин көңүлүн буруу.

Аталган бирикме дүйнөдөгү эң бай 62 адамдын активдери дүйнө калкынын эң жакыр кишилеринин жарымы чогулуп ээлик кылган активдер менен бирдей экенин эсептеп чыккан. Бул бай адамдардын жарымы АКШда, 17си Батыш, калганы Кытай, Бразилия, Мексика жана Жапонияда жашайт.

2010-жылкы изилдөөдө 388 эң бардар адамдын байлыгы адамзаттын жарымынын байлыгына тете болгон. Эсептөөлөр үчүн уюм эң ири банктардын бири Credit Suisse банкынын маалыматтарын колдонгон.

Дүйнө жүзү боюнча эң бай он пайызга 69 миңдей доллардык активи барлар кирген, ал эми 760 миң долларлык актив жана ага ээлик кылгандар планетанын бир пайыз байларынын арасына кошулган.

Дүйшөмбү күнү жарыяланган Бириккен улуттар уюмунун баяндамасында болсо жаңжалдар орун алган жана табийгат кырсыгы катталган аймактардын жашоочуларына жардам берүү боюнча жыл сайын бөлүнүүчү кошумча каржынын көлөмү 15 миллиард долларга жетпей турганы жазылган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG