Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Чаткал: көпүрө куруудагы көз боемочулук сотто каралат


Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Чаткал айыл өкмөтүнүн аймагына былтыр курулган көпүрө боюнча "Емко" жабык акционердик коомуна байланыштуу кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын сентябрь айында лицензиясы жок компания менен айыл өкмөт менен кен казуучу "Бустер" компаниясы 200 миң АКШ долларына көпүрө курууга үч тараптуу келишим түзүшкөн. Кен казган компания фирмага 8,2 млн сом которуп берген.

2015-жылдын октябрь айында көпүрөнү бүтүрүү милдетин алган "Емко" фирмасы 4,5 млн сомго сапатсыз курулуш материалдарын колдонуп, ишти жарым-жартылай бүтүрүп, калган сумманы өз пайдасына иштетип жибергени аныкталган. Бул факт боюнча милиция кылмыш ишин ачып, фирманын жетекчиси Даир Беков камакка алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG