Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Жалал-Абад милициясынын курал-жаракка жооптуу кызматкери камалды


“Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жарак кампасынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бөрүбай Райымбеков 17-январда камакка алынды. Анын үйүн тинткенде бир тапанча табылган. Райымбеков азыр Ош шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында отурат. УКМК азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Маалыматка караганда, Райымбеков өткөн аптада Базар-Коргон районунда табылган ири өлчөмдөгү ок-дары, куралга тиешеси бар деп шектелүүдө. Атайын кызмат 14-январда Базар-Коргондо гранатомет дүрмөтү жана 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги алты миңден ашуун ок табылганын кабарлаган.

Бул факт боюнча Сирияга согушка барып келген делген, былтыр жайында Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген бир адам камакка алынган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG