Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Орусияда кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү ийгилик жаратты


Орусиянын Красноярск шаарында кыргызстандык сүрөтчү жана мультипликатор Толгобек Койчумановдун эмгектери коюлган жеке көргөзмө өттү. "Замандаш" ассоциациясынан бүгүн кабарлашкандай, ага 2 миңдей көрүүчү келди. 15-январда болуп өткөн экспозицияга негизинен май боек менен тартылган сүрөттөр коюлду.

Толгобек Койчуманов сүрөтчү гана эмес, бир катар тасманын көркөм коюучусу катары да белгилүү. 2014-жылы ал толук метраждуу «Аку» деп аталган анимациялык фильмин жараткан.

Көргөзмөнү Сибир федералдык университети уюштурду. (RK)

XS
SM
MD
LG