Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Чек арадан өтүп кеткен мал тажик тарапка кайтарылды


Баткенде кыргызстандык чек арачылар тажик жаранынын малын кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кечээ Баткен районуна караштуу Бакай деп аталган жерге жакын малын жайып жүргөн тажик жаранынын 106 кой-эчкиси кыргыз тарапка өтүп кеткен. Жергиликтүү бийлик менен бирге жүргүзүлгөн териштирүүдөн кийин анын баары кечинде Тажикстанга өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG