Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Пакистандагы жардыруудан беш адам набыт болду


Пешавар көптөн бери террордук чабуулдарга кабылып келет
Пешавар көптөн бери террордук чабуулдарга кабылып келет

Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарынын чек ара өткөрмө бекетинде болгон жардыруунун кесепетинен кеминде беш адам мерт кетип, жыйырма чактысы жарадар болду. Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, жардыруу жанкечти тарабынан жасалган. “Ал жардыруучу зат шыкалган мотоцикл менен келип, чек ара өткөрмө бекетинин имаратына урунду” - деп айткан жергиликтүү аткаминерлердин бири "Рейтер" агенттигине. Бийликтин билдиришинче, жардыруудан каза тапкандардын көпчүлүгү полициячылар. Ошондой эле жарадарлар арасында карапайым адамдар да көп экени белгиленген. Жардыруу болгон жер шаардын базарынан анча алыс эмес аймакта болгон. Пешавар Пакистандын Ооганстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан шаар. Бул шаар көптөн бери террордук чабуулдарга туш болуп келет.

XS
SM
MD
LG