Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Освенцимдин 95 жаштагы мурдагы санитары соттолот


Освенцим лагери, 7-май, 2014-жыл
Освенцим лагери, 7-май, 2014-жыл

Фашисттердин Освенцим өлүм лагеринин мурдагы санитары, 95 жаштагы Хуберт аттуу адам Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 3681 кишини өлтүрүүгө катышканы үчүн айыпталып, Германияда сот алдында жооп бере турган болду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, фашисттик Германиянын СС кайтаруу отрядынын санитарлар командасынын мурдагы унтер-офицери Хуберт 1944-жылы бир ай аталган лагерде кызмат өтөгөн. Бул учурда Франциядан, Австриядан жана Нидерланддан депортацияланган адамдар 14 эшелон менен лагерге келип түшкөн. 95 жаштагы лагердин мурдагы санитары Хуберт 2014-жылы март айында камакка алынган болчу. Былтыр декабрда сот анын ден соолугун текшерип, айыпкер катары соттук териштирүүгө катыша алат деп тапкан. Сот 29-февралда Германиянын түндүгүндөгү Нойбранденбург шаарында башталат.

Освенцимдеги өлүм лагери 1945-жылы январь айында советтик аскерлер тарабынан бошотулган. Анда миңдеген адамдар өлтүрүлгөнү аныкталып, кийин бул боюнча эл аралык аскер трибуналы Германиянын жоопкер аскер жетекчилерин соттогон.

XS
SM
MD
LG