Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Нидерландияда качкындарга каршы акцияда тополоң чыкты


Батышка ооп келген качкындар
Батышка ооп келген качкындар

Голландиянын Хесе шаарында качкындарды кабыл алуу борборунун ачылышына каршы чыккан демонстранттар мэрияны басып алууга аракет кылышты. Тополоңдун катышуучулары мэриянын имаратына петарда жана жумуртка ыргытышкан. Бул учурда качкындарды кабыл алуу маселесин талкуулап жаткан шаар бийлигинин өкүлдөрү имаратты таштап качууга аргасыз болушкан. Андан соң полиция шаардагы тартипти калыбына келтирди. Миңге чукул каршылык акциясынын катышуучулары кууп таркатылды. Хесе шаарында бийлик 500 адамга ылайыкташкан качкындар лагерин ачууну пландаштырып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG