Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Орусиялык журналист Украинадан баш паанек тапты


Блоггер Дмитрий Шипилов.

Блоггер Дмитрий Шипилов.

Орусиялык журналист жана блогер Дмитрий Шипилов Украинадан саясий баш паанек алганын билдирди. Ал “он айга созулган иш аяктаганын айтып, бардыгына ыраазычылык” билдирген. Ошондой эле журналист саясий качкындын күбөлүгүн өзүнүн Фэйсбук баракчасына жарыялады.

Дмитрий Шипилов Кемеров облусунун губернатору Аман Түлеевге карата жазгандарын сот мазак катары баалап, аны кара жумушка чегерген өкүм чыгарган болчу. Журналист күнөөсүн моюнуна албастыгын айтып, Москвага кетип калган. Ал жактан кармалып, кайра Кемеровго жеткирилген журналист кара жумуштан качканы үчүн үч айга эркинен ажыратылган болчу.

Былтыр 29-декабрда эркиндикке чыккан журналист Дмитрий Шипилов Орусиядан чыгып кетип, украин бийлигинен баш паанек сураган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG