Оштун Кара-Суу районунун Мады айылынын төрт тургуну ишкерлерди тоногон деп шектелүүдө. Ички иштер министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, 8 кылмышка шектүү топ 15-январда кармалды. Баары тең 2 айга тергөө абагына камалды.
Милициянын маалыматына караганда, алар бизнесмендердин үйүнө түнкүсүн куралчан кирип барып тоноп келген. Оштон тышкары Жалал-Абад жана Бишкекте да кол салууларды уюштурган. Жалпысынан тонологон каражаттын суммасы дээрлик 2 миллион сом, 5 миң доллар жана 600 миң сомдук алтынды түзгөн.
Тергөө жүрүп жатат. (RK)