Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Президент орган трансплантациялоо мыйзамына каршы чыкты


Президент Алмазбек Атамбаев "Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо тууралуу" мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты. Мамлекет башчынын тиешелүү каты Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү бүгүн кабарланды.

Депутаттар мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырып, былтыр ноябрда кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев аны колдоого алып, органдарын трансплантациялоого муктаж жарандарга жардам берерин айткан.

Анын белгилешинче, азыр Кыргызстанда бюджеттин колдоосу менен бөйрөгү оору 587 адам диализ алат, чет өлкөлөргө барып, орган алмаштырууга зарыгып жүргөндөр андан көп.

Бирок айрым адистер мыйзам ишке кирсе медицина тармагынын криминалдашуусуна алып келет деп каршы чыккан.

Президенттин пикиринде, мыйзам азыркы редакциясында кабыл алынбашы керек, себеби бул иш менен алектенүү укугу жеке клиникаларга берилгени жаткандыктан көзөмөл жагынан тобокелдик көп. Анын үстүнө, Алмазбек Атамбаевдин айтымында, буга өкмөт азырынча даяр эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG