Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Былтыр Бишкекте Сирияга азгыргандар боюнча 22 факт катталды


Соңку бир жыл ичинде Бишкек шаарында Сириядагы согушка катышууга азгыргандар боюнча 22 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек милициясынын башчысы Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында айтты.

Жунушалиевдин билдиргенине караганда, бир жыл ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун идеяларын таркатууга байланыштуу 50гө жакын факт аныкталып, алардын 11 боюнча кылмыш иш козголгон. Түрдүү радикал уюмдардын 90дон ашуун мүчөсү расмий каттоого алынды, 6 экстремисттик уюм аныкталды.

Соңку маалымат боюнча, Сирияга согушканы кеткен кыргызстандыктардын жалпы саны 500дөн ашты. Алардын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарынан. 130га жакыны аялдар. Ошол жакта мерт болгондору 30дан ашуун. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG