Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Нарында жеңилдикти кыскартуу сунушуна каршы жыйын өттү


Нарын шаарынын борбордук көчөсү
Нарын шаарынын борбордук көчөсү

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зуурабүбү Каденова бүгүн Нарын облусунун тургундары менен жыйын өткөрдү. Анда бийик тоолуу жана барууга жолу катаал аймакта иштегендер үчүн маянасына кошулчу үстөк акчанын кыскарышы тууралуу сөз болду. Жыйын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө өтүп, баардык аймактардан бюджеттик мекеме жетекчилери жана активисттер катышты.

- Даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун негизинде бийик тоолуу аймактар деңиз деңгээлинен канчалык бийик турары кайрадан текшерилип чыгат, ошого жараша коэффициент коюлат. Нарын шаары 2060 метр бийиктикте тургандыктан мурда маянага кошулуп келген 50 пайыздык үстөк акча 10 пайыз кыскарышы ыктымал. Ал эми мурда берилип келген жеңилдиктер алынбайт, - деди Каденова.

Жыйынга келген жергиликтүүлөр жаратылышы катаал Нарын облусу үчүн бул мыйзам туура эмес экенин билдирип, бир катар нааразылык айтышты.

Татаал шарттагы аймактарда иштеген бюджеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50% үстөк акыны кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке былтыр жоюлуп кеткен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунуш киргизген. Аны эми Социалдык өнүгүү министрлиги да колдоп, Жогорку Кеңештин талкуусуна коюу алдында турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG