Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

"Центерра" өкүлдөрү Бишкекте жолугушууларды баштады


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстанга канадалык “Центерра голд инктин” аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ келди. Ал бүгүн, 19-январда премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуусу белгиленген. Бирок өкмөт да, "Кумтөр" ишканасынын маалымат кызматы да сүйлөшүү тууралуу маалымат бере албасын айтууда.

Скотт Перри “Центерранын” аткаруучу директорлугуна өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.

Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев Кумтөр боюнча буга чейин жүргүзүлүп келген сүйлөшүүдөн чыгып, жаңысын баштарын өткөн жылдын соңунда билдирген.

“Центерранын” жетекчилиги көп учурларда кыргыз тараптын сунуштарын жана кызыкчылыктарын кабыл албай келатканы маалым. Алардын бири катары “Центерранын” кошумча 4,6 млн даана акция чыгаруу тууралуу 28-декабрда кабыл алган чечимин атаса болот. Ага кыргыз тарап каршы чыккан. Бирок ага карабай чечим кабыл алынды.

Бул Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларынын кыскарышы менен кыргыз тарап үчүн зыян. Андан сырткары “Центерра” экология боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык “АМЕК” компаниясынын сунуштарын аткаруудан баш тартууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG